Орозбек Опумбаев УКМК төрагасы болуп дайындалды

18 июнь 2019 16:50 1209 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек Найманович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысынын башка чечими менен ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/orozbek-opumbaev-ukmk-tragasy-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий