Орозайым Нарматова: Менде баары жакшы, Москвага учуп жатам

11 сентябрь 2021 09:54 1856 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы активист Орозайым Нарматованы кое берди. Бул тууралуу ал өзү социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

“Кымбаттуу мекендештер, колдоп чындык үчүн чогуу туруп бергениңиздерге ырахмат.

Азыркы учурда УКМКнын кызматкерлери мени туугандарыма үйүмө жеткиришти. Эртең, Кудай буюрса Москвага узатышат. Менда баары жакшы.Мен тергөөнүн сырын сактоого кол коюп бердим. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Баарыңыздарга ырахмат. Эртең баарын кенен айтып берем.Сиздерди толкунданткан үчүн кечирим сурайм”,-деп жазды ал 11-сентябрдын түнү.

Эскерте кетсек, 10-сентябарда эртең менен активист Ош аэропортунан Москвага учуп жатканда кармалган.

Кичинчерээк аны Бишкекке алып келишкен. Коомчулук Нарматованын кармалышынан нааразы болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/orozajym-narmatova-mende-baary-zhakshy-moskvaga-uchup-zhatam



Добавить комментарий