Митингчилер Орхан Инандын тирүү табылышын талап кылышты
Бүгүн, 3-июнда үчүнчү күн катары менен өкмөт үйүнүн жанында дайынсыз жоголгон "Сапат" лицейинин президенти Орхан Инанды колдогон митинг болуп жатат. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, митингге ата-энелер, аталган билим берүү мекеменин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөрү катышууда. Жалпысынан 200гө жакын адам чогулган. Алар Орхан Инанды тирүү табууну талап кылышты.
Учурда митингге чогулгандар Ак үйдү көздөй бет алышты.
Эске сала кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.
Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген. Ал күчөтүлгөн тарипте изделип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandyny-koldogon-miting-chnch-kn-katary-menen-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×