Орхан Инандыны ким тапса 1 млн доллар берилет

4 июнь 2021 17:11 750 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Дайынсыз болуп жаткан "Сапат" лицейинин президенти Орхан Инандыны тапкандарга 1 милион доллар берилет. Бул тууралуу Нурсултан Майназаров билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Төрт күндөн бери дайынсыз жоголгон Орхан Инандыны табууну талап кылгандар бүгүн дагы митингге чыгышкан. Анда эл аралык "Ала-Тоо" университетин бүтүрүүчүсү Нурсултан Майназаров ким Орхан Инандынын тапса бүтүрүүчүлөрдүн атынан 1 000 000 доллар сыйлык берилет деп айтты.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген. Ал күчөтүлгөн тарипте изделип жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandyny-kim-tapsa-1-mln-dollar-berilet



Добавить комментарий