Орхан Инандыны издөөгө үйрөтүлгөн иттер тартылды, издөө бардык жерде уланууда (видеосу)

4 июнь 2021 14:05 1536 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 4-июнда дайынсыз болуп жаткан "Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча бардык версиялар иштелип жатат.

"Милиция кызматкерлери Орхан Инандынын болушу мүмкүн делген бардык жерлерди текшерип жатышат. Өткөн суткада мейманкана, курулуп жаткан имараттардын аймактары, унаа токтотуучу жайлар, завод-факрикалардын аймактары, сейил бактар каралды. Издөө иштери шаарга кире бериштеги райондордо, каналдарда, эгин талааларында жана таштанды полигондорунда да жүрүп жатат. Мындан сырткары атайын үйрөтүлгөн иттер да издөөгө тартылып, дрондор колдонулууда.

Күбөлөрдү табууга багытталган иш-чаралар уланып, Орхан Инандынын жоголушу боюнча бардык мүмкүн болгон версиялар иштелип жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген. Ал күчөтүлгөн тарипте изделип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandyny-izdg-jrtlgn-itter-tartyldy-izd-bardyk-zherde-ulanuuda-videosu



Добавить комментарий