"Сапат" лицейи Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

5 июнь 2021 11:55 691 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны издөө иштери боюнча кенен маалымат берүүсүн талап кылышып, Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасашты. Бул тууралуу “Сапат” лицейинин соцтармакка жарыялаган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“1-июнда басма сөз жыйын уюштуруп, коомчулукка маалымдадык. Өкмөт үйүнүн алдында тараптар 4 күндөн бери өз каалоолору менен колдоо акциясына чыгып жатышат. Мындан улам Сизге ачык кайрылууга мажбур болуудабыз. ЖКнын айрым депутаттары кечээ Орхан Инандыны табуу боюнча маселени күн тартибине коюну сунушташкан, тилекке каршы сунуш жактырылган жок. Ошондой эле, КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы бардык тергөө иштерин көзөмөлгө алып жаткандыгын билдирүшүүдө.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиз Орхан Инанды жоголгон күндөн тартып ыкчам тергөө иштерин тыкыр көзөмөлгө алгандыгыңызды билдирдиңиз. Учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тергөөнүн купуялуугу деген жалпы фразалар менен эле чектелип жатышат. Бирок, коомчулукка билдирүүгө мүмкүн болгон кээ бир такталган маалыматтар берилсе жакшы болмок деген оюбуз бар.

Сизден бир кыргыз жаранынын тагдырына кайдыгер карабаган жалпы кыргыз элине бул маселени өзүңүз жеке көзөмөлүңүзгө алып, тергөө иштери боюнча Орхан Инанды мырзанын үй-бүлөсүнө жана жалпы коомчулукка кеңири маалымат берүү боюнча тапшырма берүүңүздү өтүнөбүз.

Бул өкүнүчтүү окуяга кайдыгер эмес миңдеген жарандар Сизден бул маселени эң кыска аралыкта чекит коюп берет деп ишенет. Бул кылмышка тиешелүүлөр тез арада табылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазасын алат деп ишенебиз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Орхан Инандынын биздин күч кызматкерлери тарабынан табылышы Сизге болгон ишенимди арттырып, Сиздин лидерлик кадыр-баркыңыз өлкөбүздүн ичинде гана эмес, эл аралык аренада да мындан да жогорулайт деп ишенебиз”, - деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды – педагогика илимдеринин кандидаты, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгисинин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, «Даңк» медалынын ээси.

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandyny-izd-boyuncha-achyk-maalymat-beriizder-dep-any-koldogondor-sadyr-zhaparovgo-kajrylyshty



Добавить комментарий