Орхан Инанды күчөтүлгөн тартипте изделип жатат

2 июнь 2021 14:55 589 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

“Сапат” лицейинин президенти Орхан Инанды издөө боюнча күчөтүлгөн тартипте ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилип, кыргыз жараны Орхан Инандынын жашаган жерин аныктоого багытталган бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ИИМ, Бишкек шаардык милициясы жана Октябрь райондук милициянын кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөнү кошумчаланды.

Орхан Инандыны издөө Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген.

 Орхан Инандыны колдогон митинг Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында бүгүн дагы  өтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandy-kchtlgn-tartipte-izdelip-zhatat



Добавить комментарий