Организмди кантип тазалайбыз?

20 июнь 2022 08:05 7008 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адам баласы, ачка болгондо бардык нерсе таттуу сезилип жейт. Кѳпчүлүгүбүз туура тамактанууну билбейбиз, ал жѳнүндѳ ойлобойбуз. Ичибизди ар кандай азыктарга толтурабыз. Бирок, толгон нерседен тазаланууну эске албайбыз. Бүгүн адистер Barometr.kg маалымат агенттигине кээ бир кеңештер менен бѳлүштү.

Кастор майы организмдеги керексиз заттардан тазалайт. Бул майды эзелтеден бери организмди тазалоо үчүн колдонуп келген. Ал жоон ичегидеги жабышып, калган денеге зыян келтирүүчү заттарды тазалап чыгаруу касиетине ээ. Анда кѳптѳгѳн органикалык кислоталар болгондуктан ашказан менен жоон ичегини жыландай сойлоп тазалайт. Карында катып калган калдыктардын баарын чыгарат.

Анда бул майды канип колдонуу керек

Кастор майын ичүүнү жума күнгѳ пландаган жакшы. Жума күнү кечинде  жатаардын алдында 1-3 тамак ичкен кашык менен ичип, аркасынан кайнак суу ичиңиз.Үч чоң кашык  салмагы 100 кг адамдар үчүн сунушталат. Эртең менен таасирин сезип баштайсыз. Ишемби эртен менен дагы 1-2 чоң кашык ичип, үйдѳн алыс кетпеңиз. Үч сааттан кийин жеңил тамактаныңыз. Кечинде саат 19:00 дагы 1-2 чоң кашык майды ичиңиз. Ашказан жакшы иштеп, ичиңиз тазалануу үчүн шарт түзүңүз. Кеч дааратканага барып аласыз. Кастор майын үч жолу кабыл аласыз. Жекшембиде эс аласыз. Майды ичпеңиз. Күнүгѳ 15 км жѳѳ басуу же чуркоо адамдын психикасын жаман сезимдерден тазалайт. Кастор майы болсо денени тазалайт.

Дүйшѳмбүдѳ жаңы күч менен,тазалануудан кийин жумушка чыгыңыз, ѳз иштериңиз менен алектене бериңиз. Мындай тазалоону үч апта катары менен жасаса жакшы.

Эгер сиз организмиңизди эч качан мындай тазалабасаңыз 4-5 жума катары менен тазаласа жакшы болот. Кастор майын ичкенден кийин сѳзсүз минералдык сууларды ичиңиз. Себеби ичегилериңиз тазаланганда кѳптѳгѳн минералдык туздар дагы тазаланып калат.

Организмди мындай жол менен тазалаганда сиздин денеңиз шок болот. Канча жылдан бери толуп келген калдыктарды чыгарууда организмиңиз түшүнүксүз абалда болот.

Ошондуктан организме адаптация болуусуна шарт түзүү керек. Тазалануу процесси аллергия, астма, ревматизм, сѳѳк муун ооруларынан арылууга таасир берет. Кастор майын ичкенден кийин үч саат убакыт ѳткѳрүп анан тамактаныңыз. Сууда чыланган сулууну же майлуу эмес айранды кургатылган нан менен жеңиз башка эч нерсе кабыл албаңыз. Кечинде лимон менен чай ичкен туура. Тазалануу учурунда лимонду кѳбүрѳѳк  кабылдаганыңыз туура. Лимон боордун иштешин жакшыртат.

Баса белгилѳѳчү нерсе, кастор майы кош бойлуу аялдарга, ашказанда жарасы бар бейтаптарга сунушталбайт.

Ссылка: https://barometr.kg/organizmdi-kantip-ar-nerseden-tazalajbyz



Добавить комментарий