Организмди тазалоочу өтө пайдалуу жер-жемиштер

13 декабрь 2022 09:05 3210 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Авокадо

Бизге түштүктөн келчү бул жемиштин баалуу касиетин тилекке каршы көпчүлүк биле бербейт. Бул жемиш өзүнүн курамына организмдеги көп оорулар менен күрөшүүчү эң сонун глутатион аттуу затты камтыйт. Бул зат ракты пайда кылуучу 40ка жакын канцерогендерди курчоого алып организмди коргойт жана боорго күч келүүнүн дагы алдын алат. Ошондой эле кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салып, тамак сиңирүүнү жакшыртып, терини кычкылтек менен камсыз кылып турат. Авокадону чийки кезинде, кургатылган түрүндө же май катары колдонуу менен жогоруда саналган пайдалуулуктарын көрө аласыз.

Кызыл кызылча

Бизде кенен өскөн жашылчалардын бири - кызыл кызылча. Ал организмди тазалоочу №1 жашылча. Биринчиден, ал курамына клетчатка, фосфор, жез, С витамини сыяктуу көптөгөн органикалык кислоталарды камтыйт. А мунун баары тамак сиңирүүчү жана ашказандагы "чиринди" бактерияларды жок кылуучу касиетке ээ. Экинчиден, анын курамында боорду токсиндерден арылтуучу зат бар. Үчүнчүдөн, кызыл кызылчанын курамында жаңы клеткаларды пайда кылуучу фолий кислотасы жана чачтын, тырмактын, теринин абалын жакшыртуучу микроэлементтер бар. Ошондуктан кызылча организмди жашартуучу касиетке ээ. Кызыл кызылчанын мындай артыкчылыктарын өз ден соолугуңузга пайдаланууну кааласаңыз борщко, салатка кошуп, болбосо шире түрүндө колдоно берсеңиз болот.

Клюква

Клюква - табарсыкты жана заара чыгаруучу жолдорду зыяндуу бактериялардан натыйжалуу тазалоочу табияттын эң күчтүү антибиотиги жана вируска каршы мыкты каражат. Мындан сырткары, бул жемиш рак клеткаларынын пайда болуусун, кан тамырларга кан уюп калуунун алдын алат. Аны күнүмдүк тамактанууда чийкилей жегенден тышкары шире түрүндө же кыям кылып пайдалансаңыз болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/organizmdi-tazaloochu-t-pajdaluu-zher-zhemishter



Добавить комментарий