Оренбургдан 2 456 кыргыз жараны мекенине кайтып келди
Кыргызстанга Россиянын Оренбург облусунан 23 автобустан турган экинчи колонна менен 1 356 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 7-августта Россиянын Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2 456 кыргыз жараны мекенине кайтып келишти.
Тышкы иштер министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Россиянын аймагындагы КР жарандарын Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.
Ошондой эле, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн, Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/orenburgdan-2456-kyrgyz-zharany-mekenine-kajtyp-keldi
Добавить комментарий ×