Бишкекте мыйзамсыз соода сатык жүргүзүүгө каршы күрөш уланууда

1 июнь 2018 20:30 1525 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы көчөгө олтуруп соода жүргүзүүгө каршы күрөш улантылууда.

Райондук штаб тарабынан №6, 11 кичирайондордо жана Сүйөркулов менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 3 рейд жүргүзүлдү. Анын негизинде 16 мыйзамсыз соода жүргүзгөн 16 көрүнүш жокко чыгарылды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда соодагерлер менен түшүндүрүү иштери улантылып, сооданы райондук базарларда жүргүзүү сунушу айтылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ordo-kalaada-myjzamsyz-sooda-satyk-zhrgzg-karshy-krsh-ulanuuda



Добавить комментарий