"Оптима Банктын" бир канча кызматкери COVID-19 жуктуруп алды

17 июнь 2020 10:28 1411 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Оптима Банктын" бир канча кызматкери COVID-19 жуктуруп алгандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган банк социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин эрежелери боюнча кызматкерлерибиз дароо карантинге алынып, алардын иштөө жери жана коңшу бөлмөлөр дезинфекциядан өттү. Белгилеп өтөлү, бул кызматкерлерибиз кардарлар менен түздөн-түз иштешкен эмес», - деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын март айынан бери коронавирустун жайылып кетишин алдын максатында кардарлар жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн,  ар бир кеңсеге дезинфекциялоочу каражаттар орнотулуп,  бөлмөлөрдө санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө экенин кошумчалашты.


Ссылка: https://barometr.kg/optima-banktyn-bir-kancha-kyzmatkeri-covid-19-zhukturup-aldy



Добавить комментарий