Ооруканага түшкөн 4 жаштагы бала апасы жана таенеси менен жашаган. Кимден запкы көрдү?
Чүйдө 11-январда 4 жаштагы бала денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта, "Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө текшерүү болуп, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Иш-чарада учурунда Чүй районунун Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесине жаракат алган 2015-жылы туулган Ж.Б. аттуу бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Териштирүү учурунда өспүрүм бала 31 жаштагы апасы Ж.А. жана 55 жаштагы тайэнеси М.Г. менен жашагандыгы белгилүү болду. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн. Баланын энеси жана тайэнеси медициналык мекемелердин биринде каттоодо турат деген маалымат тергөө кызматы тарабынан текшерилүүдө"-деп жазылган.
Учурда наристе медициналык жардам алууда. Бул окуя Чүй районунун ИИБнүн кылмыштарды жана жоруктарды катоо боюнча бирдиктүү реестрине катталган. Учурда соттук-медициналык экспертиза
дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Добавить комментарий ×