Коронавирус менен ооругандан кийин жарандар тиешелүү реабилитациядан өтүшү керек

13 август 2020 14:38 637 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министрлигине коронавирустан кийин калкты реабилитациялоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык  штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

 «Калктын ден соолугу - бул мамлекеттин көңүл чордонундагы маселе жана улуттун коопсуздугу. Биз жана дүйнө коомчулугу туш болгон маселелер өзгөчө мамилени талап кылат. Ооруган жарандар тиешелүү реабилитациядан өтүшү керек. Саламаттык сактоо министрлиги ушул багыттагы иштерди жүргүзүүгө тийиш. Участкалык дарыгерлер стационарлардан дарыланып чыккан бейтаптардын абалын көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүүсү зарыл», - деди  Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы үймө-үй кыдыруу иш чарасын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктан жергиликтүү бийлик органдарынын ишине сын айтып, бул багыттагы жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берди.

Жыйын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга сезондуу мүнөзгө ээ болгон сасык тумоого каршы элди эмдөөдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын сунуш кылуу милдеттендирилди.  Ал эми тармакты тейлеген вице-премьер-министрлерге тиешелүү медициналык каражаттарды сатып алуу жана жаңы ооруканаларды  жабдуу боюнча иштерди көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле медициналык мекемелердин кадрдык курамын аныктоо тапшырмасы берилди

Ссылка: https://barometr.kg/oorugan-zharandar-tieshel-reabilitaciyadan-tsh-kerek



Добавить комментарий