Оорубайын десеңиз...
Жер-жемиштер менен мөмө жемиштердин организм үчүн пайдасы мол. Окумуштуулар аныктаган бул маалыматтарда адам ден-соолугуна жемиштердин тийгизген таасири тууралуу кеңештер көп.
Батат (таттуу картошка) уйку безине окшош жана кант диабетине пайдалуу жана анын гликемикалык көрсөткүчүн жөнгө салат.
Жүзүм (кара чоң жүзүм) жүрөктүн сырткы формасына окшош. Ал эми жүзүмдүн ар бир данасы кан клеткаларына жасушалары сыяктуу. Изилдөөлөрдө жүзүмдүн жүрөк менен канды сергитүүчү азык экендиги аныкталган.
Помидор да адамдын жүрөгү сыяктуу төрт камерадан турат жана кызыл түстө. Бардык изилдөөлө помидордун жүрөк жана кан айланууга өтө пайдалуу экендигин көрсөткөн.
Лобия (фасоль) формасы бөйрөккө окшош жана бөйрөктүн ишин жакшыртууга өтө пайдалуу.
Сельдерей, кытай капустасы жана ревень сөөккө окшошуп кетет. Бул азыктар сөөкө өтө пайдалуу, натрий өлчөмү бирдей жана ал 23 пайызды түзөт. Күнүмдүк турмушта организмге натрий жетишпеген кезде, дене бул керектүү заттарды сөөктөн ала баштайт. мунун кесепетинен сөөк алсырайт. Ал эми бул өсүмдүктөр сөөктү бекемдөө үчүн эң мыкты азык.
Тегерек болуп кесилген сабиз адамдын көзүнө окшош. Илимий излдөөлөр көрсөткөндөй сабиз көздүн кан айлануусун жана көрүү жөндөмүн жакшыртат.
Ссылка: https://barometr.kg/oorubajyn-deseiz
Добавить комментарий ×