Жалал-Абад шаарында коменданттык саат учурунда беш киши кармалды
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы өзгөчө абал алынган соң, күч түзүмдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагын көзөмөлгө алууну күчөттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бирок буга карабастан коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынын аймагынан 5 жаран кармалып, ШИИБге жеткирилди. Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта бир сутка ичинде 5 кылмыш окуялар фактысы катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.
Азыркы учурда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер күнү-түнү тынымсыз кызмат өтөшүп, блок-посттордо шаар аймагына кирип-чыгуулар тыкыр текшерилип жатат. Атуулдардын көчөдө негизсиз жүрүүлөрүн болтурбоо үчүн кайгулдоо багыттары түзүлүп, дислокациянын негизинде жумуштар алып барылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/oor-zhana-zgch-oor-kylmyshtar-kattalgan-emes
Добавить комментарий ×