Ооганстандан Тажикстандын чек арасына кирүүгө аракет кылган терорчулар атып өлтүрүлдү

26 апрель 2023 16:37 1239 Barometr
Бөлүшүү:
ok

26-апрелдин таңында тажик коопсуздук күчтөрү Ооганстандан Тажикстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки куралчан согушкерди атып өлтүрүшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү маплымат каражаттарына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, каза болгондор Тажикстандын аймагында теракт жасоону пландашкан, деп билдирет.

Окуя Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Ванч районундагы Дашти Язгулом айылындагы «Дарваз» чек ара отрядынын 11-заказынын кайтаруу тилкесинде болгон.  

«Республиканын укук коргоо органдарынын биргелешкен антитеррордук операциясынын натыйжасында террористтер зыянсыздандырылды», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.    
  

Окуя болгон жерден эки Калашников автоматы, эки чет элдик тапанча, 8 кол гранатасы, 12 даана гильзалары бар магазин, 19 таңгак жардыргыч зат, эки атайын байланыш каражаты жана каза болгондорго тиешелүү эки уюлдук телефон табылып, алынган.   

 Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, террористтерди жана кылмышка башка шериктештерин толук аныктоо максатында ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Антитеррордук операциянын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандар жабыркаган жок, деп баса белгиледи Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.     

Ссылка: https://barometr.kg/ooganstandan-tazhikstandyn-chek-arasyna-kirg-araket-kylgan-erorchular-atyp-ltrld



Добавить комментарий