Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 16-июлда Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Белгилей кетсек, 24-майда Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал кызматтан кетүүсүн өзүнүн дарегине айтылган сындар менен байланыштырган.
Ссылка: https://barometr.kg/oleg-pankratov-prezidenttin-keeshchisi-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×