Окуучуларга ыкма көрсөтүп жаткан атайын бөлүктүн кызматкери жарадар болду
Бөлүшүү:
Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын бөлүгүнүн кызматкери 5-мартта кесиптешин бычак менен сайып алган. Окуя окуучуларга ачык эшиктер күнүн өткөрүп, аларга самбонун ыкмаларын көрсөтүп жаткан маалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Учурда жаракат алган кызматкер ооруканага жаткырылып, абалы туруктуу. Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө башталды.
5-мартта Чүй областынын мектептеринин окуучулары үчүн ИИМдин атайын кызматтарынын ачык эшиктер күнү өткөрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/okuuchularga-ykma-krstp-zhatkan-atajyn-blktn-kyzmatkeri-zharadar-boldu
Добавить комментарий ×