Жалал-Абад милициясы коомдук жайларды көзөмөлгө алып жатат

30 май 2020 13:14 905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 30-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн иш-чарасы онлайн форматында өткөрүлүүдө.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын майрамдык салтанаттарды билим берүү мекемелеринде, эс алуучу жайларда өткөрүүсүнө тыюу салынган. Буга байланыштуу тартип бузуучулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад милициясы коомдук жайларды көзөмөлгө алып жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн көчөлөрдө автоунаалар менен жүрүүсүнө, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда, көлмөлөрдө майрамдык кечелерди өткөрүүсүнө уруксат берилбейт.

Милиция кызматкерлери таң эртеден кайгулдоо багыттарына бөлүнүшүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ата-энелерге балдарына көзөмөл кылып, жаштардын топтошуп эс алуусуна жол бербөө керектиги эскертилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/okuu-zhylynyn-ayaktaganyna-bajlanyshtuu-saltanattuu-ish-charalar-tkrlbjt



Добавить комментарий