Окумуштуулар: жалгыз бой аялдар эң бактылуу адамдар

30 май 2019 11:50 12431 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коомчулукта баласы жана күйөөсү жоктор бактылуу аялдар деп эсептелет. Мындай жыйынтыкты психолог-бихевиорист, Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебинин профессору Пол Долан чыгарганын британиялык The Guardian басылмасы жазды.

Бактылуулукту изилдеген адистер баласы жана күйөөсү жоктор узак жашаарын да аныкташкан.

«Аялдар жолдошу жанында турганда бактылуу экенин айтышканы менен алар жокто суроо салсаң аянычтуу көрүнөт”,-деген профессор үйлөнүү негизинен эркектер үчүн пайдалуу деп эсептейт. 

Психологдордун айтымында аялы бар эркектердин бойдок досторуна караганда саламаттыгы жакшы жана бактылуу болуп узак жашайт.

Ошондой эле окумуштуунун ою бонча үй-бүлөлү аялдар көп нерсеге макул болуп жашай бергенден күйүүсү жокторго караганда аз жашайт.

Доландын айтымында жалгыз бой аялдар өздөрүн бактысыз сезгени коомдогу стереотип. Анткени аялзаты үчүн үй-бүлө жана бала ийгиликтин көрсөткүчү деп эсептелип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-zhalgyz-boj-ayaldar-e-baktyluu-adamdar



Добавить комментарий