Окумуштуулар коронавирустун келип чыгышы тууралуу сенсациялык версияны айтышты

13 ноябрь 2021 13:59 1858 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын окумуштуулары COVID-19дун келип чыгышы боюнча сенсация жарата турган жаңы версияны сунушташты. Алар коронавирусту 2012-жылы ооруну үңкүрдөн жуктуруп алган кытайлык шахтер жайылтышы мүмкүн деп болжошууда. Бул тууралуу The Telegraph булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

American Bioscience Resource Project компаниясынын аткаруучу директору Джонатан Латам вирус адамдын организминде эволюциянын ар түрдүү баскычтарынан өткөн деп билдирди. Аталган маалыматка таянсак, 2021-жылы Ухань шаарында шахтерлор үңкүрдөн жарганаттар тиштеп алгандан кийин пневмония менен оорушкан. Андан соң Ухандын окумуштуулары ошол эле үңкүрдөгү жарганаттардан COVID-19га 96 пайыз окшош болгон RaTG13 деп аталган коронавирусту табышкан.

Америкалык окумуштуулардын теориясы боюнча COVID-19 варианты пайда болгонго чейин жарым жыл мурдараакта аталган белгисиз вирус шахтерлордун өпкөсүндө өнүктүрүлүп, Ухандагы лабороториядан 2019-жылы кандайдыр бир жол менен сыртка таралып кеткен имиш.

Ошондой эле коронавирус Кытайдагы Модиан үңкүрүндө келип чыгышы мүмкүн деген теорияны дагы өткөн жылы сунушташкан.Аталган вирус бул жайдан 2012-жылы табылган.

Жаштары 30 жаштан 60 жашка чейинки алты эркек жез алабыз деп үңкүргө барып аны жарганаттардын кыгынан арылткандан кийин катуу кармаган респиратордук инфекция менен оорушкан. Алар үчөө бул оорудан көз жумган.

Изилдөө алар RaTG13 коронавирусун жуктуруп алганын көрсөткөн. Ухандын вирусология институту вирустун үлгүлөрү алган.

Индиянын изилдөөчүлөрү RaTG13 вирусу COVID-19га абдан окшош экенин далилдешкен.

Кыскасын айтканда, америкалык аалымдар вирустун Кытайдан келип чыккандыгына далил издеп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-koronavirustin-kelip-chygyshy-tuuraluu-sensaciyalyk-versiyany-ajtyshty



Добавить комментарий