Окумуштуулар коронавирус үй жаныбарларынан жугат деген кепти төгүндөдү

12 март 2020 14:00 715 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциянын Anses медико-санитардык агенттиги коронавирус адамга жаныбарлардан жугат деген имишти түп тамыры менен жокко чыгарды. Бул тууралуу TV5Monde басылмасы жазды.

Үй жаныбарлары инфекцияны жуктурат деген кептер таптакыр тастыкталган жок.

Үй жаныбарларынан вирус жугат деген кеп Гонконгдун тургунунун итин текшергенден кийин чыккан. Иттен алынган тесттен оорунун белгилери байкалган жок.

Эксперттер иттин ооз көңдөйүнөн табылган инфекция итке вирус жукту дегенди түшүндүрбөй турганын айтышууда.

Ошондуктан изилдөөчүлөр үй жаныбарларынан оору кишилерге жугат деген маалымат чындыкка коошпой турганын жана эч кандай далилдер табылган жок деген бүтүмгө келишкен. Ошол эле маалда окумуштуулар бул жаатта изилдөөлөр аз экенин моюндашууда.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 4,6 миңден ашты.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-koronavirus-j-zhanybarlarynan-zhugat-degen-kepti-tgndd



Добавить комментарий