Окумуштуулар: Үйдүн тазалыгы менен төшөктөгү жетишкендиктердин ортосунда байланыш бар
Мындай маалыматты АКШда болгон изилдөөлөргө таянып, The Versed жазды. Изилдөөлөр үйдөгү тазалык аба аркылуу жашоочулардын сексуалдык мамилелеринин жакшы болушуна жардам берерин көрсөткөн.
Америкалыктардын 60 пайызы таза, жыйналган уктоочу бөлмө алардын жакшы эс алуусуна жана каалоосун ойготууга оң таасир берерин белгилешкен. Калган 40 пайызы болсо түгөйү менен бирге жыйноо иштерин бүткөндөн соң ысык мамилеге барарын айтышат.
Суралгандардын 50 пайызы алардын түгөйү үй иштерин аяктагандан кийин секс кылууга даяр экендигин айтышса, дагы 40 пайызы кир, чачык үй түгөйлөрдү эки башка жолго түшүүгө алып келерин белгилешкен.
Изилдөөлөргө түшүндүрмө берүү менен «Эгер иш сүйүшкөндөрдүн жолугушуусына чейин жеткен болсо, америкалыктар үй чарбасы начар уюштурулгандар менен мамилесин улантууга даяр эмес экен», — деген жыйынтыкка келген басылма.
2016-жылы Нью-Йорк университетинин Бизнес-мектебинин изилдөөчүлөрү жарнамалардагы сүйүү жана секске байланыштуу колдонулган сөздөр объектилерди жана кыймылсыз мүлктөрдү сатууга чоң таасир тийгизерин аныкташкан. Алардын айтуусунда, «Сүйүү» же ага окшогон сөздөр менен сүрөттөлгөн объекттерге караганда, «сексуалдуу» жана «азгырма» деп сүрөттөлгөн объекттер кымбат сатылат.
Добавить комментарий ×