Окумуштуулар ашказандагы рактын алгачкы белгилерин атап беришти

7 декабрь 2020 10:51 2150 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Британиялык адистер ашказан рагынын алгачкы белгилерин аташты. Бул тууралуу  Daily Express агенттиги жазган  маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Адистердин айтымында, эгерде ашказандын өйүп ооруганы жана тамак жутууда оорутуу пайда болсо, түшүнүксүз арыктоо болуп, деми кысылып калса, тез арада дарыгерге кайрылуу керек.

Ошол эле учурда, дарыгерлер бул белгилердин бардыгы убактылуу болуп, ичтин оорушу же жүрөк айлануу менен коштолбосо, кооптонууга негиз жок деп эскертишет.

Мисалы, ашыкча тамактануудан, майлуу жана ачуу тамактарды жегенден, кофеинди, алкоголду, шоколадды же газдалган суусундуктарды ашыкча колдонуудан, ошондой эле стресс жана тынчсыздануудан, тамеки чегүүдөн же антибиотиктерди ичүүдөн келип чыккан убактылуу оорунун белгиси болушу мүмкүн.

Эгерде жогоруда айтылган оорунун белгилери эки жумадан ашык сакталса, дарыгерге көрүнүү керек.

Буга чейин Америкалык Онкология Коому өпкө рагынын алгачкы стадиясындагы белгилери "күлүп жатканда көкүрөк туштун ооруганы" деп билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-ashkazandagy-raktyn-algachky-belgilerin-atap-berishti



Добавить комментарий