Окумуштуулар 2020-жылы коронавируска каршы иммунитет пайда болбой турганын айтты

11 май 2020 15:08 1691 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушул жылдын аягына чейин адам баласында коронавируска каршы иммунитети пайда болбой турганын окумуштуулар билдиришти.

Жон Хопкинс атындагы коомдук саламаттык сактоо мектебинин эпидемиология департаментинин маалыматына ылайык, адам баласында табигий жол менен иммунитет пайда болушу үчүн убакыт керек. Оорунун жайылышын жана анын мутациясын изилдеген окумуштуулар жыл аягына чейин адам баласында иммунитет иштелип чыкпайт деген жыйынтыкка келишти.

Илимпоздор ошондой эле оорунун жугушу жана андан каза болгондордун темпи ушундай өнүгө турган болсо жарым миллиондон ашык киши каза болушу ыктымалдыгын божомолдошту.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-2020-zhyly-koronaviruska-karshy-immunitet-pajda-bolboj-turganyn-ajtty



Добавить комментарий