“Окуйлу десек китеп жок, же телефон жок”: Көз жашын агызып, шайлоочуларды сатылбоого чакырган кыз (видео)

1 октябрь 2020 16:25 896 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда социалдык тармактарда кичинекей кыз шайлоочуларга кайрылып, көз жашын тыя албай, жарандардан балдарынын келечеги жөнүндө ойлонууну суранган видео таркатылып жатат. Бул тууралуу соцтармактан алынган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Урматтуу ата-энелер жана шайлоочулар! Жакында шайлоо болот. Сизден суранам, өзүңүздөрдү ойлобосоңуздар да, биздин келечек жөнүндө ойлонуңуздар! Биз окуйлу десек китеп жок, же телефон жок! Кыргызстанды сатпагыла жана сатылбагыла! ”- деди жүрөгүндөгү арманын айтып, көз жашын аарчыган кичинекей кыз.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда.





Ссылка: https://barometr.kg/okujlu-desek-kitep-zhok-zhe-telefon-zhok-kz-zhashyn-agyzyp-shajloochulardy-satylboogo-chakyrgan-kyz-video



Добавить комментарий