Октон качып баратып, сууга агып каза болгон наристенин өлүмү боюнча териштирүү иши башталды
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу учурунда жааган октон качып бара жатып сууга чөгүп каза болгон беш жашар наристенин өлүмү тууралуу териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу “Барометрге” Баткен ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлады.
Эске сала кетсек, бүгүн, 3-май күнү соцтармакка тажиктер кол салып кирген каргашалуу күнү беш жаштагы Абидин Турсунбаев сууга агып каза болгону жарыяланган.
Анда, окуя болгон 29-апрель күнү кечки саат 19:15тер чамасында Арка айылына тажик тарап ок жаадырып кол салып киргенде элдер дүрбөлөңгө түшүп, тоо тарапты көздөй качып жөнөшкөнү айтылган.
Сүрмө топ элдин арасында кичинекей Абидиндин апасы бир баласын бооруна кысып, экинчисин жетелеп эл менен кошо качып, Фергана каналынан өтмөк болгондо, снаряд жарылып, Абидин сууга агып кеткен. Наристенин жансыз денесин жергиликтүү тургундар суудан алып чыгышканы айтылган.
Ал эми, Баткен облустук милициясы баланын өлүмү тууралуу маалымат таратып, териштирүү иштери жүрүп жатканын айтты.
“29-апрелде Лейлек районунун Арка айылында таджик тараптан ок аткылаган учурда ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышкан. Качып бара жатканда Арка-2 айылынын 2016-жылы туулган Абидин Турсунбаев аттуу тургуну айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон.
Бул факты 2021-жылдын 3-май күнү Лейлек РИИБнин маалыматтардын электрондук жураналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат Баткен ОИИБдин маалыматында.
Добавить комментарий ×