Обсервацияда жаткандарга үч маал ысык тамак берилүүдө
20-апрель күнү өлкө боюнча 43 236 чарчы метр имараттын ичи, 222 561 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 265 797 чарчы метр аймак дезинфекцияланып, иш-чарага 205 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана даарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.
Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат).
Андан сырткары 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7470 чалуу катталып, анын ичинен 495 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/observaciyada-zhatkandarga-ch-maal-ysyk-tamak-berild
Добавить комментарий ×