Облустарда ары-бери каттаган элден коронавирус жукпагына тууралуу документ талап кылуу талабы өзгөрөт

5 май 2020 15:43 889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн элден коронавирус илдети жукпаганы боюнча документ талап кылуу шарты өзгөрөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын отурумунда белгиледи.

"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керек", - дид Боронов.

Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт. Жаранда коронавирустун жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунда жергиликтүү штаб элдин ары-бери каттоосуна чектөө коюп, эгер каттагандар болсо алардан коронавирус жукпаганы боюнча документти талап кыла башташкан.

Учурда коронавирус жугуп-жукпаганын текшерүү боюнча тестти Бишкекте 2600 сомдон жасатса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/oblustarda-eldin-ary-beri-kattoosunda-koronavirus-zhukpagyna-tuuraluu-dokument-talap-kyluu-talaby-zgrt



Добавить комментарий