Нью-Йоркто жүрүп бара жаткан поезд тонолду

2 июнь 2020 18:16 822 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нью-Йорктун атактуу райондорунун бири болгон Манхэттенде жайгашкан дүкөндөрдү америкалык митингчилер тоноп кетишти. Бул тууралуу LENTA.RU жазып чыкты.

Алар тиричилик техникалары, спорттук кийимдер, ошондой эле зер буюмдар сатылган ондон ашык дүкөндөрдү тоношкон.

Мындай көрүнүштөр Американын башка шаарларында да уланууда. Мисалы: Чикагодо жүрүп бараткан поезди тоноп жаткан видео тараган. Анда поезддин журүп баратканына карабай тиричилик техникаларын уурдап, көмөкчүлөрү аларды чогултуп жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразычылык акциялары башталган. Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылууда.




Ссылка: https://barometr.kg/nyu-jorkto-zhrp-bara-zhatkan-poezd-tonoldu



Добавить комментарий