Нью-Йоркто коронавирустан каза болгондор жалпы көрүстөнгө коюлууда
Нью-Йоркто кембагал жашаган тургундар киши барбаган Харт аралындагы жалпы көрүстөнгө коюлууда.
The Washington басылмасынын жазышынча, бул аралга кишилерди жашыруу көптөн бери жүрүп келет, бирок, коронавирустан пандемиясынын маркумдарды алып келүү бир кыйла жогорулады. Бул жайга туугандары табылбаган, же сөөктү жакындары жерге берүүгө чамасы келбегендикин алып келишет.
Интернетте жарыяланган айрым видеодон жерге терең аң казылып, маркумдар салынган тактайларды бири-бирине жанаша коюп көмүп жатканын көрүүгө болот.
Учурда АКШнын дал ушул Нью-Йорк калаасында коронавирустан каза болгондор көп, андыктан сөөктү сактаганга өлүк каналар дагы жетишпей жатат.
Ал ортодо шаардык кеңештин мүчөсү жана саламаттык сактоо комитетинин башчысы Марк Левайн каза болгондорду шаардык парктарга дагы жашыруу сунушун киргизди.
Ссылка: https://barometr.kg/nyu-jorkto-koronavirustan-kaza-bolgondor-zhalpy-krstng-koyuluuda
Добавить комментарий ×