Нурзат Токтосунова экинчи ирет наристе күтүп жатканын маалымдады

11 сентябрь 2021 11:44 2849 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Нурзат Токтосунова экинчи ирет эне болууга камынууда. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазганын “Барометр” билдирет.

Ага чейин алып баруучу айым жарнама учурунда кош бойлуу экенин көрсөткөн видеону баракчасына чыгарган. Күйөрмандары аны куттуктап, жакшы пикирлерин калтырышкан.Эми аны алып баруучу өзү тастыктап төмөнкү постту бөлүштү.

“Анда ал "кимдир-бирөө үчүн балалуу болуу оңой эле болгондур" деп сөз баштады. "Бирок мен үчүн ый, сыркоо, операциялар, ажырашуулар, жеке трагедиялар менен коштолду. Өмүр жолу тегиз болбойт тура. Тагдырга жазса, кабыл албаска аргабыз жок. Мамлекеттик иш-чараларды күлүп алып барып, кечинде жаздыкка ыйлаган, кээде жашоодон кечким келген күндөр өттү. Баарына шүгүр. Апам гана "мага сен керексиң, кайгырба, бек бол" деп артымда турду. Ар бир сыноо мени күчтүү кылды. Сабак алдым. Алдыга гана умтулдум. Акыры Аллахым мага боору ооруп, 3 жыл мурун Алматыдагы ИРМ бейтапканасы себепчи болуп, Акберметимди кучагыма алсам, эми минтип экинчи жолу бактылуу эне болуу мүмкүнчүлүгүн ыраа көрүүдө. Бул бакытты мага окшоп бала күтүп жүргөндөр аябай түшүнсө керек. Өкүнүчүм, атам кызымды көрбөй кетти. Аябай күткөн эле", - деп жазды Токтосунова.

Буга чейин алып баруучу турмушка чыкканын күйөрмандарына жарыялаган болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-ekinchi-iret-nariste-ktp-zhatkanyn-maalymdady



Добавить комментарий