Нурзат Токтосунова жаңы жолдошун тааныштырды: Аты Мирлан, менден 5 жаш улуу
Алып баруучу, блогер Нурзат Токтосунова кайрадан турмушка чыкты. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына маалымдаганын “Барометр” билдирет
“Ооба, биз кызым экөөбүз жалгыз эмеспиз. Стористен көрүп, көп сурай баштадыңар. Атабыз бар. Мындан бир нече ай мурун таанышып, баш кошконбуз. Тагдыр көп сюрприз камдайт тура. Аты Мирлан, менден 5 жаш улуу. Буюрса баары жакшы. Аллага шүгүр. Силерде да жакшы болсун. Ушул жазууларды окуган ар-бир инсанга бакыт каалайм”,-деп билдирди алып баруучу.
Нурзат айым буга чейин тамада Максат Надырбеков менен эки айрылыш жолго түшкөн болчу. Бир кызын жалгыз тарбиялап жаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-zhay-zholdoshun-taanyshtyrdy-aty-mirlan-menden-5-zhash-uluu
Добавить комментарий ×