Нурсултан Назарбаевдин небересинин чуулкандуу билдирүүсүнө казак бийлиги жооп кайтарды

14 февраль 2020 10:12 1033 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Рахаттын чуулкандуу билдирүүсүнө өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев түшүндүрмө берди. Ал өз пикирин "Хабар" телеканалынын "Ачык диалог" программасында билдирген.

Министр баңзатты колдонуудан айыгып жаткан кишинин айткандарын талкуулап, таянуу этикага жатпай турганын айткан.

"Учурда анын ачык айткандарына эмес, ден соолугуна тынчсыздануу керек. Билдирүүлөр айрым кишилердин таасиринин алдында жазылганын так айтаалам. Айсултандын бүгүнкү абалынан пайдаланып, аны колдонуп жаткан кишилердин чыкканына кейидим", — деди министр.

Абаевдин айтымында, Айсултан көп убакыт психоактивдүү заттардын таасири алдында калган.

"Мен жакшы түшүнүп турам, анын айткандары кимдир бирөөгө рейтинг алып келүүдө. Бирок ал арзыбаган рейтинг. Алар кишинин бактысыздыгына пайдаланууда. Бул теманы жабуу керек. Көз каранды болгон кишинин фантазиясын ал биринчи президенттин небереси болгону үчүн эле колдонуу адилетсиз жана адамкерчиликке жатпайт. Елбасы өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон, азыр дагы кошуп жатат. Биздин аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактады. Азыр болуп жаткан нерселер аны каралоо. Биздин мамлекетке басым жасоо боюнча болуп жаткан кир оюн. Мындай аракеттер жазасын калтырылбайт", — деди ал.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев 13-февралда Facebook баракчасына билдирүү жазып, анда чоң атасы менен апасы Дарига Назарбаеванын дарегине бир катар сындарды айткан болчу. Ал өзгөчө үй-бүлөсүнүн коррупциялык аракеттерин жазган. Андан сырткары Улуу Британиядан башпаанек сураган.

Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaevdin-neberesinin-chuulkanduu-bildirsn-kazak-bijligi-zhoop-kajtardy



Добавить комментарий