Нурболот Усенбаев: 1-класска бара турган балдарга шарттар түзүлүшү керек
Эпидемиологиялык абалда жаңы окуу жылынын босогосун аттап жаткан 1-класска барчу окуучулар үчүн шарттар түзүлүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматта, дүйнө жүзүндө пандемия дагы деле жүрүп жатат жана айрым мамлекеттерде мектеп окуучуларынын арасында оору жугуп жатканы белгилүү. Мындан улам, Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы окуу жылына даярдыктарды көрүүдө. Айрыкча, 1-класска бара турган балдардын окуусуна шарттар түзүлүп жатат. Ошондой эле, ар бир ата-эне бул маселеге жакшы көңүл буруп, ар бир санитардык талаптарды аткаруусу зарылдыгы айтылат.
«Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, ар бир адам ооруну жугузуп албоо үчүн санитардык талаптарды сактоосу зарыл. Ооруп, айыгып чыккандар вирусту кайра жуктуруп албаш үчүн реабилитациянын шарттарын толук аткаруусу зарыл. Эгерде оорунун кандайдыр бир белгиси пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан түздөн-түз медициналык кызматкерлерге кайрылуу кажет. Өз алдынча дарылануу ден соолукка зыян экенин унутпаңыздар» ", - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.
Добавить комментарий ×