Нурболот Үсөнбаев карантиндик чектөөлөр кайра кириши мүмкүн экенин айтты

16 март 2021 11:57 4196 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдетинин айынан коюлган шарттар толук аткарылбаса, илдет күчөп кете турган болсо, кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин «Марал» радиосуна берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Үсөнбаевдин айтымында, коронавирус илдетинин жаңы штаммы өтө тездик менен жайылып жаткандыктан, дүйнө коомчулугу карантиндик шарттарды катуу сактоого киришти. Эгерде, биздин жарандар мындай чараларга кайдыгер карай турган болсо, вирустун кайра жугуусу жогорулайт.

«Беткап кийбесек, илдеттин жаңы штаммы келе турган болсо, өткөн июлда болгон окуялар бери жакта калат. Биз бир нерсени бат унутуп калуу адатыбыз бар. Карантиндик шарттар сакталбагандыгы үчүн толкундар кайра пайда болууда. Элдин арасында оору өсө баштаганда, карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизүү керек. Биз да беткап такпай, айтылгандарды укпасак, чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз», — деп билдирди Үсөнбаев.

Анын айтымында, чектөө кирип калса, массалык иш-чараларга тыюу салынып, авиакаттамдар, облустар аралык каттамдар токтотулушу мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/nurbolot-snbaev-karantindik-chektlr-kajra-kirishi-mmkn-ekenin-ajtty



Добавить комментарий