Видео. Нурбек Тотонов: «Токтогулда окуучулар авариялык абалдагы мектептин спорт залында, актовый залында 10 жылдан бери билим алып жатышат»

28 февраль 2019 21:29 1654 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Казатов мектеби авариялык абалда экенине карабай окуучулар билим алуусун улантып жатат. Бул тууралуу депутаты Нурбек Тотонов Жогорку Кеңештин 28-февралдагы отурумунда айтып чыкты.

«Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Казатов атындагы орто мектеби авариялык абалда. Барак тибинде курулган мектеп 1980-жылы бүткөрүлгөн. 210 окуучуга ылайыкташкан. Мектеп азыр өтө начар абалда турат. Эскилиги жеткенине көп болгон мектеп бүгүнкү күндө авариялык абалда. Авариялык абалы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындан 10 жыл мурда, 2009-жылдын 12-октябрындагы №333-корутундусу берилген» дейт депутат.

«Окуу процессин токтотпоо үчүн айылдын окуучулары авариялык мектепте аргасыз окуп жатышат. Окуучулардын саны жыл сайын өсүп, сабактар спорттук залда, актовый залда элестетүүгө да болбойт, абал начар, билим деңгээли да төмөн» - деп белгиледи Нурбек Тотонов.

«Жаңы мектептин курулушу 4 жыл мурда башталган. 2018-жылы 5 миллион сом каралып, анын 2 миллиону которулуп, калганы которулбай калган» - деди депутат. Бул маселеге көңүл буруп, тиешелүү тараптарга тапшырма берүүнү ал Өкмөттүн өкүлүнөн өтүндү.

Тотонов ошондой эле, Токтогул районунун Ичке-Сай айыл аймагындагы Чоргочу айылындагы 150 орундуу Акылбек Шабданов атындагы мектептин ахыбалы да начар экенин белгилеп кетти.

«Бул мектептин дагы абалы начар. ӨКМ буга да корутунду чыгарып берген. Бул мектептин да тендери өтүп, курулушу башталган боюнча токтоп турат» - дейт депутат.

Нурбек Тотонов аталган мектерге бөлүнгөн каражаттардын калганын көзөмөлдөп коюну Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн өтүндү.

Ссылка: https://barometr.kg/nurbek-totonov-toktogulda-okuuchular-avariyalyk-abaldagy-mekteptin-sport-zalynda-aktovyj-zalynda-10-zhyldan-beri-bilim-alyp-zhatyshat



Добавить комментарий