Оштун казысынын орун басары дин кызматкерлерине саясий иш-чараларга катышпоону эскертти (Сүрөт)

21 сентябрь 2020 14:06 750 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто казынын орун басары имамдарга шайлоо иштерине аралашпоону эскертти. Бул тууралуу дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев облуска караштуу мечит имамдарына жана жергиликтүү жамаатка жыйын өткөрдү.

Анда үй-бүлөлүк зордук – зомбулуктун алдын алуу жана диний кызматкерлердин шайлоодо үгүт иштеринен оолак болуусун камсыз кылуу боюнча имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Ислам дининде зулумдук кылгандарга катуу тыюу салат. Кереметтүү Куранда  “Зулумдук жасагандарга оор күндүн азабы түрүндө ойрондук болсун!” («Аз-Зухруф» сүрөөсү: 66)  деп келет. Облуска караштуу бардык аймактарды кыдырып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча имамдарга тийиштүү тапшырмаларды берүүдөбүз. Ошондой эле имамдарга саясий иш-чараларга катышпоого чакыруудабыз”, — деди Нурбек кары Орунбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/nurbek-kary-orunbaev-din-kyzmatkerlerine-sayasij-ish-charalarga-katyshpoonu-eskertti



Добавить комментарий