Ноокенде президентке жолугабыз деп айып пулга жыгылган апалардын арызы Жээнбековго жетти

18 август 2018 09:40 3440 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президентин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева Ноокенде  Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусуна кире албай калган жергиликтүү тургундар боюнча маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун акими бул апалар менен жолугат, алардын арыздары мазмунуна карата тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан каралат. 

"Эгер президентке тийиштүү болсо,  аппараты жооп берет.

Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөгөн болсо, аларга акча кайтарылып берилет. 

Баса, өткөндө Таласта да жергиликтүү тургун президент менен жолугушууга кире албай калгандыгы кабарланган эле. Ал айымдын арызында акча каражат сураган өтүнүч болгон экен. Президенттин фондунан жардам көрсөтүлдү. 

Ноокендеги окуя боюнча Ички иштер министрлиги да жергиликтүү тургундарга карата милиция кызматкерлеринин бул чечими боюнча териштирүү жүргүзөт", - деген маалыматты Стамалиева социалдык тармактагы баркачасына жазды.

Эске салсак, бүгүн президентке жолугабыз деп келген апаларды милиция кармап, айып пул салган.


Ссылка: https://barometr.kg/nookendegi-prezidentke-zholuugabyz-dep-ajyp-pulga-zhygylgan-apalardyn-aryzy-zheenbekovgo-zhetti



Добавить комментарий