Ноокенде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейд өттү
Ноокен РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаштарга түндө көчөгө чыкпоо керектиги эскертилүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Алар Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу, эрте турмуш куруунун терс жактары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындай иш-чаралар алдыда башка айыл өкмөттөрдө дагы улантылмакчы.
Ошондой эле, Базар-Коргон РИИБи тарабынан дагы жаш өспүрүмдөрдүн эрте эмгекке тартылуусунун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын рейд өткөрүлдү. Бул иш-чарага райондук администрация жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү дагы катышышты.
РИИБдин кызматкерлери базарларды, автобекет, кафе, компьютердик клубдарды көзөмөлгө алышты. Рейд учурунда түндө коштоосу жок жүргөн 4 өспүрүмдүн ата-энелерине КРнын Бузуулар кодексинин 61-беренесинин негизинде айып пул салынды.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-zhash-sprmdrdn-kylmyshtuuluktun-aldyn-aluu-boyuncha-rejd-tkrld
Добавить комментарий ×