Ноокенде рейд учурунда ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду (Сүрөт)

29 сентябрь 2020 11:04 1276 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ноокенде той өткөзүлүп жаткан ресторандын ээсине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, жарандар көп топтолуучу жайларды текшерүүгө алышты. Санитардык нормаларды сактабай, коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары 4 коомдук жайларга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси менен протокол түзүлүп, айып пулдар салынды. Буга чейин айып пул салынып, бирок дагы деле мааракелерди кабыл алып жаткан ресторандагы той токтотулду. Учурдагы кырдаалды эске албай алдыда дагы буюртмаларды кабыл алган ресторандын буюртмалары токтолуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

Коронавирус илдети адамдын кызматына, байлыгына карабай жуга тургандыгы, анын алдын алуу санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо экендиги жеткирилди. Илдетти жугузбоого ар бир жаран өзү үчүн кам көрүп, айтылып жаткан медициналык каражаттарды жанына салып жүрүү керектиги белгиленди.



Ссылка: https://barometr.kg/nookende-rejd-uchurunda-restoranda-tkrlp-zhatkan-toj-toktotuldu-srt



Добавить комментарий