Ноокенде катуу шамал болуп, турак-жайлардын чатырларын учурду

31 июль 2018 01:00 888 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ноокен районундагы Рахманжан айылынын Шалка тилкесинде катуу шамал болуп үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Берилген маалыматка  караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен. Анын кесепетинен беш турак үйдүн, бир кошумча курулуштун, үч бастырманын жана эки сарайдын чатырлары кулап калган. Жалпысынан 116 даана шифер жарактан чыкты деп билдирет маалыматта. 





Ссылка: https://barometr.kg/nookende-katuu-shamal-bolup-turak-zhajlardyn-chatyrlaryn-uchurdu



Добавить комментарий