Ноокенде катуу шамал болуп, турак-жайлардын чатырларын учурду
Поделиться в:
Ноокен районундагы Рахманжан айылынын Шалка тилкесинде катуу шамал болуп үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Берилген маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен. Анын кесепетинен беш турак үйдүн, бир кошумча курулуштун, үч бастырманын жана эки сарайдын чатырлары кулап калган. Жалпысынан 116 даана шифер жарактан чыкты деп билдирет маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-katuu-shamal-bolup-turak-zhajlardyn-chatyrlaryn-uchurdu
Добавить комментарий ×