Ноокенде изделип жаткан 14 жаштагы баланын сөөгү жайлоодон табылды

9 июль 2020 18:06 2048 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ноокен районунда 26-июндан тарта изделип жаткан 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы туулган Нуртилек аттуу жаш бала 26-июнь күнү Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкынан чыккан бойдон дайынсыз болгон.

2-4-июль күндөрү куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

Кечээ, 8-июль күнү жергиликтүү тургундар тарабынан өспүрүмдүн жансыз денеси жайлоодон табылды. Сөөктү алып келүү үчүн КР ӨКМдин №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, ИИМдин 3 кызматкери тартылды.


Ссылка: https://barometr.kg/nookende-izdelip-zhatkan-14-zhashtagy-balanyn-sg-zhajloodon-tabyldy



Добавить комментарий