Ноокенде баласы апасын катуу ур-токмокко алып, энеси ооруканадан каза болуп калды

3 ноябрь 2018 10:00 2077 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусунун Ноокен районун тургуну апасын катуу ур-токмокко алган. Бул тууралуу маалыматты укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык жабырлануучу аял 66 жашта болгон. Ал алган жаракатынан улам ооруканада көз жумганы айтылууда. 

Укук коргоо органдарынын айтымында шектүү үйүнө келип апасын таяк менен катуу ур-токмокко алган. Жабырлануучу ооруканага оор абалда жеткирилгендиктен дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Ноокен райондук соту шектүү жаранды камакка алуу чечимин чыгарган. Ага "өлүмгө алып келүү", "денеге оор залал келтирүү" беренелери боюнча айып тагылды. 

Ссылка: https://barometr.kg/nookende-balasy-apasyn-katuu-ur-tokmokko-alyp-enesi-oorukanadan-kaza-bolup-kaldy



Добавить комментарий