Ноокатта тергөөчү 50 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды
Ноокат РИИБдин тергөөчүсү 50 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, тергөөчү 100 000 сом талап кылып, анын 50 000 сомун алып жаткан учурда кармалган.
“Ноокат РИИБдин тергөөчүсүн 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Тергөөчү А.у.Т. аттуу жаранды кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтоткондугу үчүн 100 000 сом талап кылган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Пара талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкери 12-июнга чейин СИЗО-5ке киргизилди”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-tergch-50-mi-som-para-alyp-zhatkan-uchurda-karmaldy
Добавить комментарий ×