Ноокаттагы шахтадан чыккан газ 1 кишинин өмүрүн алды
Бөлүшүү:
Ноокаттагы шахтадан газ чыгып, ага бир киши ууланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Кечээ, 28 – июнда саат 20:35 Ноокат районунун Жин-Жиген айылындагы “Жин-Жиген” шахтасында бир эркек киши газга ууланып каза болду. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.
Жерине КР ӨКМнин №4 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин шахтадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-shahtada-bir-zharan-gazga-uulanyp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×