Ноокатта дарыяга түшүп кеткен унаада таята менен небере болгон. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду
Ноокатта айдоочу рулду башкара албай, унаа дарыяга түшүп кетип, эки адам изделип жатат. Окуянын чоо-жайын боюнча облустук милициянын берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ага ылайык, Ноокат районунун Ак-Терек-Папан- Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай- Портер” үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу Хово үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, натыйжада Hyundai Porter Ак-Буура дарыясына кулап кеткен. Анын ичинде 3 адам келе жатканы такталган. Бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа жайлоодон мал, ал эми Хово көмүр жүктөп келе жатышкан. Айдоочулар бир дөң жерден бири-бирин көрбөй калып кагышып кетишкен. Натыйжада Hyundai Porter артка кетип, анда Араван районунун тургуну түшүп калууга жетишкен. Айдоочу менен анын 4 жаштагы небереси мал менен кошо дарыяга кулап кеткен. Учурда таята менен неберени издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Эскерете кетсек , Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адам болгон. Алардын бири 1974-жылы туулган жаран аман калып, жолдо бара жаткан унаа менен Ош облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымдаганбыз.
Добавить комментарий ×