Ноокатта айдоочу рулду башкара албай унаа дарыяга түшүп кетип, ичиндеги эки адам изделүүдө
Ноокатта айдоочу рулду башкара албай, унаа дарыяга түшүп кетти. Эки адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 14-сентябрда Ноокат районунда, кечинде Ак-Терек-Папан- Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай- Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Унаада 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып (1974-жылы туулган), жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016- жылы туулган жаш бала) сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 3 куткаруучу тартылып, саат 22:30да түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Бүгүн, 15-сентябрда издөө иштери улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-zhol-kyrsyktan-unaa-suuga-tshp-ketip-eki-adam-izdelip-zhatat
Добавить комментарий ×